super.kg logo

"Тааныбайбыз". Талас Бегалиев федерациядан кеткени боюнча билдирүү жасады

 

Бүгүн, 16-февралда Бишкекте жыйын өтүп, анда көк бөрү федерациясынын президенттигине депутат Акылбек Түмөнбаев дайындалган. Ага чейин бул кызматта Талас Бегалиев иштеп келген.

Федерация билдирүүсүндө Талас Бегалиев жыйынга чакырылганын, бирок белгисиз себептерден улам келбегенин билдирген.

Өз кезегинде Талас Бегалиев бул боюнча билдирүү жасады. Билдирүүсүндө ал жыйын мыйзамсыз өткөн деп эсептейт.

"Биз азыр мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз. Анын сыңарындай эле биздин федерациянын дагы уставы бар. Ошол уставда баары толук, даана жазылган. Башкармалыктын 3төн эки мүчөсү макулдугун берип, анан съездди федерациянын президенти гана чакыра алат. Бүгүнкү съездди ким өткөргөнү бизге маалым эмес. Мен дагы интернет булактарынан уктум. Ал жерде акылга сыйбаган калп нерселер дагы көп экен.

Менин айтайын дегеним, мен эгерде федерацияга "Жакшы пландарым менен иштейм, өнүгүү кылам, сен кыла албай турган иштерди кылам" деген киши келсе мен азыр өткөрүп бергенге даярмын. Биз федерацияда көк бөрүгө кызмат кылалы деп жүрөбүз.

Федерациядан ушинтип мени кетиребиз деген ойлору туура эмес деп ойлойм. Анткени мен федерацияда акыркы киши эмесмин. Мен дагы ушул жерге кызмат кылгам. Сый-урмат менен, эгер жанагыдай адам келсе, мен азыр өткөрүп бергенге даярмын. Бирок мындай жол менен эмес. Биз бул чечимди тааныбайбыз", - деди Талас Бегалиев.

Ошондой эле Талас Бегалиев азыркы башкармалыктын кезексиз жыйыны өтүп, бул жыйындын жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими кабыл алынганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.02.2023. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көтүңдү кысып эле кете бер да эмнени кыйраттын. Таластыктар улакты кыйын ойнойт деген сөзүн болбосо жакшылыктуу бир нерсе кылбадың го
17.02.2023. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура чечим, кетириш керек!Талас Бегалиев эс ал .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: