super.kg logo

Бишкекте жаңы 50 автобус каттамга чыкты (Тизме)

 

Бишкек шаарында 17-февралдан баштап 120 жаңы автобустун 1 партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамдарга чыга баштады. Бул туурасында мэриядан маалымдалды.

Белгилүү болгондой, бүгүнтөн баштап бекитилген маршруттар боюнча №38, №42, №48 жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт.

Жаңы автобустар учурдагы маршруттук линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:

  • № 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичи район— 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт. 19 автобус бөлүнгөн.
  • №42 автобустук каттам (12-кичирайон – Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт. 19 автобус бөлүнгөн.
  • № 48 автобус (Батыш автобекети - Чыгыш автобекет (айланма). 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.

Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.

Белгилей кетсек, жапызполдуу автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, бирөө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар. Мындан тышкары ар бир автобуста жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.02.2023. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Автобуз айдап иштегенге кимге кайрылсак болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: