super.kg logo

Көк бөрү федерациясындагы окуя: Акылбек Түмөнбаев менен Талас Бегалиев жолугушту

 

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев менен көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев жолугушту.

Жолугушууда Акылбек Түмөнбаев бардык чечим мыйзамдуу жана түрдө болуш керек экендигин баса белгилеп, азыркы тапта президент тактыктуу өз ишин аткарып жатканын айтып, ийгилик каалап, керек болсо улуттук спортту өнүктүрүүгө кол кабыш кылууга даяр экендигин билдирди.

"Мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин бардыгы мыйзамдуу болуш керек. Талас Бегалиев федерациянын президенти болуп бүгүнкү күнү отурат. Мен колумдан келсе бул жигитке жардамымды берип, салымымды кошконго даярмын. Ушул жигит көк бөрү деп канча жылдан бери аракет кылып, кыргыздын көк бөрүсүн унутта калтырбайм деп жүргөн жигиттердин бири. Кечээ түшүнбөстүк болуп, мен дагы облустардан канчасы келгенин билбейм, мен ал жерге өзүмдүн сөзүмдү айтып кетейин деп эле баргам. Ал жерде түшүнбөстүк болуп, добуштарын берип калышты", - деди Түмөнбаев.

Кечээ, 16-февралда Бишкекте жыйын өтүп, анда көк бөрү федерациясынын президенттигине депутат Акылбек Түмөнбаев дайындалганы айтылган. Ага чейин бул кызматта Талас Бегалиев иштеп келген. Кийинчерээк Талас Бегалиев жыйын мыйзамсыз өткөнүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.02.2023. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суппер инфодо макала жазгандар, эмне силерди бирөө шаштырабы жазып жатканда? Көп эле каталарды кетирип жазасынар! Ар бирин айтып отурбайын. Көк бөрү федерациясындагы окуя: дегендеги макаланы окугулачы жакшылап!
17.02.2023. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куба, туура ото ката жазышат, чечим мыйзамдуу Жана турдо болуш керек кантип тушунсо болот ушуну? Суперчилер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: