super.kg logo

Алишер Тоотаев Ош улуттук филармониясынын директору болуп дайындалды

 

Ырчы Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош улуттук филармониясына директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.

Белгилүү болгондой, министрликтин астында түзүлгөн атайын комиссия 9 кандидаттын ичинен Тоотаевдин талапкерлигин колдогон.

Алишер Тоотаев "Күтүшкөн күндөр", "Турмуш", "Балалык" сыяктуу ырлары менен белгилүү.

Ал эми буга чейин аталган филармонияны Гүлшайыр Садыбакасова жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде ушул айдын башында кызматын тапшырган болчу. Ал филармонияны 2000-жылдан бери жетектеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.02.2023. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр Эжени коодулабай эле. Жакшы наам менен сый менен Ак Батасын алып кетирсенер болмок. Коробуз эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: