Шашылыш билдирүү: Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө коюу туман түшүшү күтүлөт
Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарынын жана Чүй өрөөнүнүн айрым аймактарына коюу туман түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта туман күн бою турары айтылды. Ал эми көрүү аралыгы 500 метрге жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды жана айдоочуларды этият болууга чакырууда.
Синоптиктер бүгүн, 18-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаай турганын билдирген. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан катуу жаашы ыктымал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.