Айгүл Жапарова Бишкектеги балдар үйүнөн кабар алды (фото)





Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Бишкек шаардык Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунан (балдар үйү) кабар алды.
Маалымдалгандай, Жапарова бөбөктөрдү тарбиялоо шарты менен таанышып, балдар үйүнүн кызматкерлери менен баарлашты. Ал балдарга кам көрүп, аларга энелик мээримин төккөн мында иштеп жаткан ар бир табиячынын эмгеги зор экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле балдар үйүнө өзү жетектеген "Эне-балага тирек" фондунун атынан керектүү буюмдар топтому камтылган гуманитардык жардам тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.