super.kg logo

Ошто балдар үйүнүн кызматкери беш жаштагы кызга ырайымсыз мамиле жасаган

 

Ош шаарындагы "Лотос" үй-бүлөлүк балдар үйүнүн кызматкери мекемедеги беш жашар кызга ырайымсыз мамиле көрсөткөнү айтылды. Бул тууралуу кечээ, 17-февралда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Кабарлангандай, аталган борборго "Лотос" балдар үйүнүн кызматкери 5 жаштагы өспүрүмгө катаал мамиле жасаганы тууралуу видеоматериал келип түшкөн.

Анын алкагында үстүбүздөгү жылдын 10-февралында комиссиялык топ мекемеге текшерүүгө барган. Анда кыздын колунда жана далысында көк ала тактарды көрүшкөн.

Мекеменин жетекчиси өзү урушуп жаткан балдарды тынчтандыруу максатында кызды ийининен кармаганын, анын колдорунда маникюр жасалганына байланыштуу баланын сезимтал териси жабыркаганын билдирген.

Комиссиянын мүчөлөрү "Лотос" балдар үйүнүн жетекчиси жана жабырлануучу кыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында, мекемеде мыйзамсыз аракеттер жасалган деген бүтүмгө келген.

Чогултулган материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Аталган ишти Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор көзөмөлгө алып, учурда жабырлануучу кызды башка мекемеге которуу маселелеси каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: