super.kg logo

1-марттан тартып ККМдин эски моделдерин колдонууга тыюу салынат

 

Кыргызстанда 28-февралда фискалдык модуль менен иштөө функциясы жок көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Буга чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү 1-мартка чейин узартылган болчу. Бул ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында жасалган.

“1-марттан тартып бардык ККМ фискалдык модуль менен иштеши керек, ал эми белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендер (эски үлгүлөр) мажбурлоо тартибинде өчүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

ККМ колдонуудан чыгарылса кассалык чек берүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берилбейт, бул кийин административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат. Ал үчүн операторлордун тейлөө борборлоруна жана техникалык тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: