Кийинки аптанын ишембиси иш күн болот
Өлкөдө алдыдагы аптанын бейшембиси эс алуу, ал эми ишембиси иш күн болот.
Кыргызстандыктар 23-февраль (бейшемби) — Ата мекенди коргоо күнү болгондуктан эс алышат. Ал эми 25-февралдагы ишемби 4-январдагы дем алыштын ордуна иш күнү боло турганы айтылды.
Мындай өзгөрүүлөр жаңы жылдан кийинки дем алыш 8-январга чейин созулганына байланыштуу болууда.
Эске салсак, министрлер кабинети буга чейин 2023-жылдагы эс алуу күндөрүнүн графигин бекиткен.
Ага ылайык, кыргызстандыктар төмөнкү күндөрү катары менен эс алышат:
- 18-марттан 21-мартка чейин;
- 5-майдан 9-майга чейин;
- 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин.
- Дем алыш күндөрүнө жылдырылган иш күндөрү:
- 29-апрель дем алыш күндүн ордуна 20-март иш күнү болот;
- 13-майдагы дем алыш 8-майга жылат;
- 11-ноябрдагы дем алыш 6-ноябрдагы иш күнүнө жылдырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.