Ажылыкка баруу үчүн 20-февралдан тарта электрондук тизмеге катталыш керек
Жаңыдан ажылыкка барууну каалаган жарандар 20-февралдан тарта электрондук тизмеге каттала алышат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Маалымдалгандай, каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.
"Жаңы талапкерлер 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн алгачкы 1 миң доллардын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл", - деп айтылат билдирүүдө.
Алар 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт.
Каттоо мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.
Толук маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын сайтынан алсаңыздар болот.
