super.kg logo

Максутов: "Театр оюн-зоок мекемелеринин жетекчилери натыйжалуу иштеши керек"

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өлкөдөгү театр оюн-зоок мекемелеринин жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда министр жетекчилерге филармониялардын жана театрлардын ишин жандандыруу боюнча бир катар талаптарды коюп, жетекчилерди натыйжалуу иш алып барууга чакырды.

"Күн тартибинде филармония, театрларга бөлүнгөн мамлекеттин каражатын максаттуу пайдалануу, көрүүчүлөрдөн түшкөн каражаттардын так суммасын аныктоо үчүн бирдиктүү билет системасын киргизүү, артисттерди гастролдорго чыгарып, эл кыдырып, концерт коюп, спектаклдерди тартуулоосуна шарт түзүү, кызматкерлердин штаттык бирдиктерин кароо, театр кызматкерлерин контракттык негизде иштөө тартибине өткөрүү, спектаклдерди коюу боюнча көркөм эксперттик комиссиянын жобосуна өзгөртүү киргизүү жана башка бир катар маселелер каралып, аталган иштердин үстүндө ыкчам жана натыйжалуу иштөөсүн тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министр быйыл республикалык деңгээлдеги маданий чоң иш-чаралар өтөрүн, анын бири 2023-жылдын 31-август күнү Ош шаарында өтө турчу “Арт-Ордо” фестивалы экенин, аталган фестивалга Ош облусундагы маданий мекемелер эртелеп даярдык көрүшү керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: