Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштер уланууда




Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Ал ушул жылдын 12-18-февралында Фергана шаарында (Өзбекстан) уюштурулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлайт.
Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашты, ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө графиги макулдашылды.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү белгиленди. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду.
Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.
