super.kg logo

"Келечекте зарылчылык жаралса, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем". Атамбаев экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров менен мурдагы өлкө башчыларынын жолугушуусу тууралуу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Ал жолугушуу болгонун ырастап, бирок ага экс-президенттер менен эмес, Жапаров жана Ташиев менен жолугушуу болот деп айтылганын билдирди.

"Акыркы окуяларга жана мекендештердин суроолоруна байланыштуу мен төмөндөгүлөрдү айткым келет. Экстердин жолугушуусу болду. Ооба, мен да ал жакта болуп калдым. Болуп калдым дегеним, мага жолугушууда мурдагы президенттердин кимдир бирөөсү келери тууралуу айтылган эмес. Мага президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев менен жолугушууга чакырып жатышканы, анда эркин киши катары тең ата сүйлөшүп, эски таарынычтарды унуталы деп айтылган. Мен жакшылыкты унутпайм, ошондуктан Испаниянын элчиси менен виза тууралуу алдын ала пландалган жолугушууну да жылдырдым. Сиздер билгендей, мени дарыланууга өкмөт башчы Педро Санчес чакырган – ал үчүн ага чоң рахмат.

Мен дагы өлкөдөгү тынчтык жана биримдик үчүнмүн. Ал тууралуу айттым. Президент Жапаровдун ак ниет ойлорун баалайм. Бирок жолугушуунун аягында мен эч ким менен коштошпой, англисче чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай түзүлдү. Келечекте зарылчылык жаралса, албетте, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем.

Өлкөбүздө тынчтык жана ынтымакты орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга алып келүү - эки башка нерсе. Аларды бирдей көрүү башка жыйынтыкка алып келет. Өтө көп кан төгүлүп, көп нерсе унутулбашы керек жана мүмкүн эмес. Албетте, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы зарыл. Биринчиден, каза болгондордун туугандары кечириши керек. Президент Садыр Жапаров менин айткандарымды угуп, туура чечим кабыл алат деп ишенем", - деди Атамбаев.

Эске салсак, Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушканын жана алар бири-бирин кечиргенин 18-февралда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
19.02.2023. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дубайская сходка воров и преступников. Максим Бакиевти финансы министр кылып бекитип алгыла.
20.02.2023. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Erma78 Максим сен айткан министрлике татыктуу эле
19.02.2023. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эчким мн коштошпой чыгып кеткенге караганда 2010ж берки окуялардын виноваты сиз болуп калгансызго. Бирок Жапаров нак эркектин ишин кылыптыр.
19.02.2023. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аша эркек
19.02.2023. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АША озун суттон АК сезет окшойт?.
19.02.2023. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ким эмне десе оз эрки бирок АША эркек!
19.02.2023. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кошуп ташып калпты айтып АША канкор Садырдын башын жейт. Эми буну эч качан кармап камай албайсынар. Эл бузаар жылаандын башын кылтыйтыптыр,,майда чуйдосуно чейин айтам,, деп. Кошуп ташып жомок айтып пикет баштайт
20.02.2023. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkeleim
20.02.2023. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев дагы иш корсотот ошондо азыркы бийлик жасаган добрый ишиге жалеет этип калбаса эле
20.02.2023. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул алкашты бекер чыгарды да
20.02.2023. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президенттердин арасынан өзүнөн мурдагы иштегендерди шыбап, жамандап, элин малга теңеген АША эсен эле болсун.
20.02.2023. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аташка, сизди алдап чакырбаса барбайм деп иш бермексиз да. Арты таза Адамдар унчукпай эле барып ыраазы болуп эле отурушат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: