Бишкекте өлтүрүлгөн эне жана балдары Лейлекте жерге берилди
Бишкек шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлген эне жана балдары акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Кабарлангандай, кечээ, 18-февралда 50 жаштагы аял, уулу жана кызы менен Раззаков шаарынын Чимген айылында жерге берилген.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 16:00дө өткөрүлгөн.
Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкек шаарында энеси эки баласы менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Аталган кылмышка шектелип 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү мамлекеттик күзөт кызматында 15 жыл эмгектенген. Ал Баткен бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер да болгон.
Кечээ, 18-февралда Бишкектин Свердлов райондук соту аны эки айга камакка алды.
