Кыргыз куткаруучулары Хатай шаарынан 8 адамдын сөөгүн чыгарышты

Куткаруучулар шаардын 3 тилкесинде иш алып барып, атайын шаймандардын жардамында урандылар астынан адамдардын сөөктөрүн чыгарышкан.
"Кыргыз куткаруучулары тарабынан 8 жарандын сөөгү табылып, туугандарына тапшырылып берилди. 7-февралдан бери Кахраманмараш жана Хатай шаарларында кыргыз куткаруучулары тарабынан 198 адамдын сөөгү табылып, туугандарына тапшырылып берилди", - деди ал.
Анын билдиришинче, аймактагы турак үйлөрдүн дээрлик 60 пайызы толугу менен урап түшсө, калган көп кабаттуу үйлөр жашоого таптакыр мүмкүн эмес абалга келген. Ал эми турак үйлөр, соодо борбор, социалдык обьекттердин көбү 7-14 кабатка чейин.
Бүгүн Хатай облусуна барган кыргыз куткаруучуларынын издөө-куткаруу ишинин төртүнчү күнү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.