super.kg logo

ИИМ Нарын, Ысык-Көл жана Чүйдөгү бир нече жетекчи кызматкерди ротация кылды (тизме)

 

Ички иштер органдырынын жетекчилик курамдары ротация болууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Талантбек Кадыров Нарын ШИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматына дайындалды. Ошондой эле милициянын полковниги Талгар Мамбетказиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги кызматына, милициянын подполковниги Тынчтык Аалиев Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп Нарын облусунун Нарын ШИИБдин начальниги кызматына, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги Денис Аманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

"Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди", - деп билдиришти ИИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: