“ЭлТР” телеканалы “ПолитКлиника” сайтын сотко берди
“ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясы “ПолитКлиника” сайтынын үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу “ПолитКлиника” сайты жазды.
Ага 4-февралда "ПолитКлиника" сайты ЭлТРдин "Садыр Жапаров энергоресурстар үчүн насыя алган эмес" деген билдирүүсү менен жарыяланган материал себеп болгон. ЭлТР өз арызында "ПолитКлиника" сайты бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген деп билдирген.
"Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.
Моралдык зыян катары “ЭлТР” соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 4-февралда “ПолитКлиника” медиасы “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген баштема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” “ЭлТРдин” 31-январда чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.
Материал жарыялангандан кийин “ЭлТР” менен президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков нааразычылыгын билдирип, “ЭлТР” кечирим суроону талап кылган.
“ПолитКлиника” медиасы кечирим сурабай турганын, “ЭлТРдин” айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.
