super.kg logo

Экс-президенттердин жолугушуусу: Султанбаев коомчулуктагы талкуулар боюнча билдирүү жарыялады

 

Коомчулукта өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттеринин баарын чогултканы кызуу талкууга алынды. Буга байланыштуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жарыялады.

"Президент Жапаров өз кайрылуусунда мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтты. Анын негизги максаты – чыныгы улуттук консолидация, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн биригүү.

Өлкөнүн бардык жетекчилеринин кемчиликтери бар. Эл аларды жакшы билет. Ошону менен бирге жакшы жактарын да эстен чыгарбайлы. Эгер Алмазбек Атамбаев тууралуу айта турган болсок, биз ал башкарган убакытта позитивдүү учурлар дагы болгонун унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, учурда коомчулук арасында жана социалдык түйүндөрдө мурдагы президенттердин, учурдагы бийликтин жана башкалардын тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыш уланууда. Буга байланыштуу бардык тараптарды өз күчү менен энергиясын өз ара мамиле териштирүүгө эмес, Мекенибиздин бакубаттуулугу үчүн жаратмандыкка багыттоого чакыргым келет.

Президент Жапаров Исхак Раззаковдун убагынан бери келе жаткан – өлкөнүн бардык кийинки жетекчилери жаман нерселердин баарын өзүнөн мурункуларга жабыштырган адатты бузуп салгысы келет. Бул президенттердин жолугушуусунун негизги максаты болгон жана анын мындан башка жашыруун мааниси жок", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушканын жана алар бири-бирин кечиргенин 18-февралда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген. Буга байланыштуу коомчулукта түрдүү маанайдагы пикирлер айтылып, талкууга алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: