Мектеп директорлорун тандоо: Сынак өткөрүү күндөрү белгиленди
Өлкөдөгү мектеп директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакты өткөрүү күндөрү белгилүү болду. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Тестирлөө төмөндөгү график боюнча өткөрүлөт:
Бишкек шаары
- 28-февралда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
- Ваканттык орундардын саны – 4
- Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.
Ош облусу
- 28-февралда Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
- Ваканттык орундардын саны – 83
- Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75тен талапкер катышат.
Чүй облусу
- 28-февралда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
- Ваканттык орундардын саны – 43
- Тестирлөө эки нөөмөттө өтөт.
Талас облусу
- 1-мартта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
- Ваканттык орундардын саны – 6
- Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.
Ысык-Көл облусу
- 1-мартта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
- Ваканттык орундардын саны – 11
- Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.
Нарын облусу
- 2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
- Ваканттык орундардын саны – 9
- Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.
Жалал-Абад облусу
- 1-мартта Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
- Ваканттык орундардын саны – 83
- Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75тен талапкер катышат.
Баткен облусу
- 2-мартта Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
- Ваканттык орундардын саны – 36
- Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 70 талапкер катышат.
Ош шаары
- 2-мартта Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
- Ваканттык орундардын саны – 1
- Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 8 талапкер катышат.
Тестирлөөнүн башталышы: 1-нөөмөт 9:30, 2-нөөмөт 12:30, Апелляциянын башталышы: 16:30
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-февралында Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
make2

20.02.2023. 20:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Номер 31- гимназиянын директору алмашкан деле жок
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.