super.kg logo

Орунбеков экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты

 

Президент Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен болгон жолугушуусу тууралуу күтүүсүз кабар көпчүлүккө жагымдуу болду, кубануу менен талкуулап жатканын байкап жатабыз. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Президент Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен болгон жолугушуусу тууралуу жазган билдирүүсүнөн кийин социалдык тармакта талкуулар жаралды. Мындай күтүүсүз кабар көпчүлүккө жагымдуу болду, кубануу менен талкуулап жатканын байкап жатабыз.

Бирок саналуу топ тарабынан талаш-тартыштар жаралып, негизсиз тыянак чыгаруулар орун алып жатканын көрүп жатабыз.

Президент мурдагы эл башчылары менен эмне себептен бир тегерек столго чогулганын, негизги максатын өзүнүн билдирүүсүндө ачык айтты. Анда, мурдагы президенттердин кайсы бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок. Тескерисинче эгемендик алган жылдардан бери саясий көз караштардын кагылышы, улуттун өзөгүнө олуттуу сокку уруп келе жаткан регионализм, трайбализм көйгөйлөрүн чечүү менен элдин ынтымагын бекемдөө - башкы максат болгону ачык айтылган.

Муну менен президент Садыр Жапаров өткөн-кеткенге кылчайбай, мамлекет башчысы катары тарых алдында жана келечек муун алдында өз вазыйпасын аткарды. Мындан кыйкым издеп, президенттин элди ынтымака чакырган ниетин кайра тескери жакка буруп, ич ара бөлүнүп-жарылып, тирешти ого бетер козутпайлы.

Мамлекет башчынын жакшы ниетин колдогондун ордуна, кайра аркы же берки өйүз болуп, акыйнек айтышып отурганыбыздын өзү, тарыхы бай, айкөл эл катары, улут катары бизди кооздобойт. Ооба, Кыргызстанды башкарып кеткен ар бир президенттин жакшы да жактары, кемчиликтерди да болду. Баары мамлекет жана эл үчүн иштешти, аракет кылышты. Ошону менен катары каталарды да кетиришти. Ал эми азыр анын баары тарых. Ким кандай каталарды кетиргенин баарыбыз жакшы билебиз. Ошентсе да “өткөн-кеткенге кылчактап, таарынычтарды ортого салып отура берсек келечек болбойт. Алдыга жылалы” – деген жакшы ой президент Садыр Жапаровдун саясаттагы негизги приоритеттүү багыты.

Биз бир атадан тараган бир мамлекеттин уул-кыздарыбыз, ич ара душмандашкандан баарыбызды Жараткан сактасын. Ал же бул саясатчынын тарапташымын дегендердин баарын сабырдуулука чакырабыз, ынтымак бололу. Бири-бириңиздердин көңүлдү оорутуп, кайым айтышууну улантпаңыздар, токтотуңуздар", - деп жазган Орунбеков.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушканын жана алар бири-бирин кечиргенин 18-февралда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген. Буга байланыштуу коомчулукта түрдүү маанайдагы пикирлер айтылып, талкууга алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.02.2023. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садырдын да жооп бере турган учуру келет. Садырга нааразы элдер коп.
20.02.2023. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erma78 бары жооп берет кумурска дагы сен дагы так что кыжаалат болбо Аллах периштени да сурайт кутулбайсын сен да өлөсүң сен да сураласын
20.02.2023. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам баласына озу эч нерсе жакпайт...Жапаров сонун иштеп жатат 30жылда болбогон нерселерди кылып жатат го...буйруса дагы кооп иштерди жасайт деп умуттонобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: