super.kg logo

Индияда кыргыз бийи бийленип, элдик күүсү жаңырды. Кыргыз кол өнөрчүлөрү катышкан фестивалдан сүрөт баян

 

3-февралдан 19-февралга чейин Индиянын Харьяна штатынын Фаридабад шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы «Сураджкунд Мела» салттуу кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык фестиваль-жарманкесине катышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жылы иш-чаранын өнөктөштөрү ШКУ өлкөлөрү болуп, тематикалык штаттар катары Индиянын түндүк-чыгыш штаттары Ассам, Аруначал-Прадеш, Манипур, Мизорам, Мегхалая, Нагаланд, Сикким жана Трипура тандалды.

Кыргызстандан 34 адамдан турган өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген кол өнөрчүлөр жана «Ак-Шоола», «Даткайым» жана «Кыз-Кербез» чыгармачыл топтордун делегациясы катышты.

Иш-чаранын аянтында Кыргызстандан келген катышуучулар ата мекендик продукцияны, улуттук бийлерди жана элдик аспаптарды, ошондой эле улуттук кийимдер жана сувенирлер аркылуу кыргыз элинин маданиятын тартуулашты.

Фестивалда Кыргызстандын павильондору көптөгөн конокторду чогултуп, чоң популярдуулукка ээ болуп, экологиялык таза айыл чарба продукциялары, кол өнөрчүлүктүн жана улуттук кийимдердин түрдүүлүгү жана түсү менен кызыгууну жаратып кубандырды.

19-февралда салтанаттуу жабылыш аземинде кыргызстандык артисттерге өлкөлөрдүн парад контингентине катышкандыгы үчүн «Суражкунд Мела» фестивалынын атайын сыйлыгы ыйгарылды.

Маалымат үчүн: Суражкунд Мела – Индиянын штаттарынан жана чет өлкөлөрдөн келген кол өнөрчүлөрдүн түрдүү буюмдары тартууланган жарманке, жыл сайын миңдеген катышуучуларды чогултат жана дүйнөдөгү эң ири кол өнөрчүлүк жарманкеси болуп саналат.

Фестивал-жарманке 1981-жылдан бери Харьяна өкмөтүнүн Туризм департаменти тарабынан Борбордук Өкмөттүн министрликтеринин (Туризм, текстиль, Тышкы иштер жана Маданият) жардамы менен үзгүлтүксүз уюштурулуп келет






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: