Балага аны багып алгандыгы жөнүндө чындыкты айтыш керекпи? Психолог жооп берет
Балага аны багып алгандыгы жөнүндө чындыкты айтыш керекпи? Же ал кандайдыр бир жол менен өзү билип калат деген ойдо убакытты күтүш керекпи? Же ага таптакыр билдирбей, кандай болсо ошол бойдон калтырып коюш керекпи?. Мына ушул темада "Кыргызча психология" долбоорунун психологу Карлыгаш Акимкулова айтып берет.
- Чоңдордун балага чындыкты айтпагандыгынын негизи себеби, баланын азап чегишин каалабагандыгы. Бирок ойлонуп көрөлүчү, чындап эле балага чындыкты укканы аябай катуу таасир тийгизеби? Башкача сөз менен айтканда, ата-эне балага кандайдыр бир көйгөйлөргө өзүнүн көз карашын жана мамилесин көрсөтүү менен балага өзүнүн дүйнө таанымын жеткиришет. Баланын психикасы дагы деле жакшы, толугу менен калыптана элек, ал эмне жакшы, эмне жаман, эмне уят, эмне коркунучтуу, эмне жагымсыз жана башка көрүнүштөрдү айырмалаганды биле элек. Бул түшүнүктөрдү ага ата-энеси чоңойгучакты түшүндүрөт.
Эгерде ата-эне баланы багып алууда туура иш кылып жаткандыгына толук ишенсе, өздөрү андан уялышпаса, айыптоодон коркушпаса же туугандары жана жакындары тарабынан айыптоо, жамандоолордон качышпаса, анда алар балага чындыкты коркпостон айтышса болот, сыр кылбай. Мындайча айтканда, бардыгы, багып алынган баланын ата-энесинин буга болгон мамилесинен көз каранды. Эгерде бала бешиктен баштап багып алгандыгын билип, ата-энеси аны жакшы көрүп, өткөн-кеткенин айтып берүүдөн коркпосо, анда бала буга тынч көз карашта болот.
Эгерде ата-энелер балага чындыкты айтыштан күмөн санап жатышса, анда алар бала багып алынганын ар дайым интуитивдик деңгээлде сезип турарын билиши керек. Ошондой эле бул ал жөнүндө сүйлөбөсө дагы, ага бул көйгөй тынчтык бербейт. Ал сезип турат!
Чындыкты канчалык кечиктирген сайын, ата-эне жалганга ошончолук тереңирээк чөгө башташат.
- Бул баланын башына кандайдыр бир тынчсызданууну, ички чыр-чатакты, чоңоюудагы кыйынчылыктарды эң жагымсыз натыйжаларга чейин алып барат - бул оор мүнөз, өспүрүм курагындагы кыйынчылыктар, окуу көйгөйлөрү, аракечтик жана башка. Булардын баарын ата-эне анын генетикасына байланыштырып коюшу мүмкүн. Ошондуктан баланын өзү үчүн, анын психологиялык саламаттыгы үчүн чындыкты айтыш керек. Бала багып алынганын жөнүндө чындыкты канчалык эртерээк билсе, ошончолук ата-энеге айтуу оңой болот жана бала аны жакшы кабыл алат. Ошондой эле чонойгон куракта өспүрүм курактагы көйгөйлөрдөн алыс болосуз. Эртеби-кечпи ал баары бир билип алат, бирок чоочун адамга караганда өзүңүздөн билгени жакшы. Албетте, бала сизди туура түшүнүшү үчүн керектүү сөздөрдү табуу өтө кыйын. Эң негизгиси өзүңүзгө болгон ишеним, токтоолук жана сүйүү. Бала менен ал түшүнгөн сөздөр менен сүйлөшүңүз.
Мисалы: Сени башка бир аял төрөгөн. Мен ага чексиз ыраазымын. Мен сени төрөбөсөм дагы, сен менин жүрөгүмдө туулгансын. Сен менин баламсың, мен сени аябай жакшы көрөм!
кошулду
