super.kg logo

Beeline Түркия менен Сириядагы жабыркагандарга каражат чогултууга катышты

 

Түркия менен Сирияда болгон жер титирөөнүн кесепети абдан оор болду. Табигый кырсык он миңдеген адамдардын өмүрүн алып, майып кылды, жүз миңдеген адамдар баш калкалоочу жайсыз жана оокатсыз калышты, миңдеген адамдар дагы эле дайынсыз жоголгон деп эсептелип жатат. Жабыркагандар жардамга абдан муктаж. Beeline уюлдук оператору Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому менен биргеликте катаклизмден жабыркагандарга каржылык колдоо көрсөттү.

Beeline Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркагандарга 20 миң доллар бөлүп берди. Каражат Кыргызстандын Кызыл Жарым Айынын эсебине которулуп, Кызыл Жарым Айдын Түркия жана Сириядагы уюмдарына чукул жардам көрсөтүү үчүн которулду. Мындан тышкары, Beeline гуманитардык миссия менен кырсыктын эпицентрине барган кыргызстандык куткаруучулар менен дарыгерлерди бекер байланыштырып турду.

Кыйынчылыкта адамдарга жардам берүүнү каалаган абоненттер четте калышкан жок: мобилдик оператор Balance тиркемеси аркылуу акча чогултуу акциясын уюштурду. Жабыркагандар үчүн акчаны бир нече жөнөкөй кадамдарды жасоо менен комиссиясыз которууга болот:

  1. Тиркеменин башкы бетинде «Кайрымдуулук уюмдары» категориясына кириңиз.
  2. «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому» баскычын тандаңыз.
  3. Которгуңуз келген сумманы киргизип, «Төлөө» баскычын басыңыз.

«Мындай чоң кырсык – бул чоң трагедия, тилекке каршы, андан эч ким камсыздандырылган эмес, — деди Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин. — Азыр биригип, кыйынчылыкка туш болгондорго жардам берүү маанилүү. Ар кандай салым маанилүү. Компаниянын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Түркия жана Сирия элдерине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жоготуулар орду толгус, бирок элдин кайдыгер эместиги бул өлкөлөргө кайгысынан тез арада айыгып, кадимки жашоого кайтууга жардам берет деп ишенгим келет».

Beeline — жакындарыңыз ар дайым Сиздердин жаныңыздарда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: