super.kg logo

Гүлшайыр Садыбакасова Ош филармониясынан сый-урмат менен узатылды

 

Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалып, эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 2023-жылдын 20-февралынан тартып Тоотаев Алишер Теңизбаевич Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору кызматына дайындалды.

Эмгек жамаатка директорду маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды. Министрдин орун басары жаңы дайындалган жетекчиге ишине ийгилик каалап, алдыда жасала турган иштер арбын экенин белгиледи.

Ал эми Филармониянын мурдагы жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова эмгек жамааттын катышуусунда сый-урмат менен узатылды. Чыңгыз Эсенгул уулу өз каалоосу менен арызын жазып, жаштарга жол бошоткон жетекчи башкаларга үлгү болгондугун ырастады. Ал мындай кадамды “кызматка келгенди эле эмес, татыктуу кеткенди да ойлонуу керектигинин” далили катары белгилеп, сөзүнүн соңунда Гүлшайыр Садыбакасовага бекем ден соолук, бакубат жашоо каалап, анын тажрыйбасы жана акыл-насааты жаштарга ар убакта керектигине басым жасады.

Белгилей кетсек, Алишер Тоотаев Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда солист, “Долбоор” акционердик коомунда музыкант, “ЭлТР” телеканалында редактор болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап “Жигиттер” фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: