super.kg logo

Жалал-Абад: Көчкү түшкөн аймактарда жолду кардан тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда

 
Жалал-Абаддагы көчкү түшкөн аймактар бир тараптуу ачылып, жолду кардан тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда табигый мүнөздөгү 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими сакталып турат, 1 куткаруу жумушу (эшик ачуу) катталды. Чаткал району Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолу бир тараптуу ачылган, чектөө алына элек, жолду кеңейтүү жумуштары жүрүүдө.
Ошондой эле Токтогул районуна караштуу Толук айыл өкмөтүндө көп күндөн бери кар жаап, кардын калыңдыгы айрым жерлерде 1-2 метрге чейин жетип, Торкент-Толук унаа жолу аркылуу каттам токтогон.
Жалпы жолдун узундугу 110 чакырым, анын ичинен 30 чакырымында жол ачык. Ошондой эле 18-февраль күнү таңкы саат болжол менен саат 04:30 чамасында унаа жолдун 68-чакырымында 2 тилкеде (1 тилкеде 10800м3, 2 тилкеде 12600м3) кар көчкүлөрү түшкөн.
19-февраль күнү Торкен-Толук унаа жолу тазалоо иштеринин натыйжасында саат 13:00дө бир тараптуу ачылган. Бүгүн унаа жолду кеңейтүү иштерин жүргүзүүгө 1 бульдозер жана №23 ЖТИден 1 бульдозер тартылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: