super.kg logo

Жапаров Бишкек–Торугарт жолунун абалы менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун маалыматында жазылат.

Кабарлангандай, Жапаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында тийиштүү органдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Анда аймактагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу талкууланды.

Жыйында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү жана жолду тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Жапаровдун айтымында, быйыл атайын техникаларды алууга 2,5 миллиард сом бөлүнгөн жана ал Нарын облусуна дагы берилет. Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, 17-февралдан тартып Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу. Учурда трассада кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү иштери жүрүп, атайын техникалар иштеп жаткандыгына байланыштуу, унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

16-февралдан 20-февралга чейинки аралыкта 1 миллион 222 750 метр куб кар түшүрүлгөн. 21-февраль күнү саат 09:30га карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталган. Ошол себептүү убактылуу жабылган. Жолду саат 18:00дө ачуу пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: