Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт
Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган 1160 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлөт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен райондорунда Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында жалпы 1160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү,сел каптоо коркунучу бар аймактарда күн өткөрүп келишүүдө.
Аталган үй-бүлөлөргө ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык ӨКБнүн офицердик курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кооптуу аймакта жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү аракеттери жүрүүдө.
Мамлекет тарабынан керектүү судаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып бирок дагыда коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп сот органдарына өткөрүп берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Саман

21.02.2023. 19:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отко айдасаң бокко качкан эл экенда.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.