super.kg logo

Маданият министрлиги "ПолитКлиника" сайтын бөгөттөө өтүнүчүн четке какты

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "ЭлТР" телеканалынын "ПолитКлиника" медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке какты. Бул тууралуу "ПолитКлиника" сайты жазды.

Маалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

"Программа ишенимдүү ачык булактардан алынган фактылык маалыматтар менен камтылганын эске алуу менен министрлик келип түшкөн арызды Кыргыз Республикасынын “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде кабыл алуу мүмкүн эмес экендигин маалымдайт", – деп жазылган министрликтин ЭлТРге берген жооп катында.

Белгилей кетсек, буга чейин 20-февралда “ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясы “ПолитКлиника” сайтынын үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна доо арыз менен кайрылганы маалымдалган.

4-февралда “ПолитКлиника” медиасы “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген баштема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” “ЭлТРдин” 31-январда чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Материал жарыялангандан кийин “ЭлТР” менен президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков нааразычылыгын билдирип, “ЭлТР” кечирим суроону талап кылган.

“ПолитКлиника” медиасы кечирим сурабай турганын, “ЭлТРдин” айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: