super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков экс-президенттердин чогулушу боюнча билдирүү жасады

 

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мурдагы президенттеринин Дубайда өткөн жолугушуусу боюнча комментарий берди.

Жээнбековдун билдирүүсү төмөндө толугу менен:

"Урматтуу мекендештерим, акыркы убакта болгон окуяларга байланыштуу менин дарегиме да суроолор түшүүдө. Ошондуктан өз пикиримди билдирип коюуну чечтим. Кечээ жакында Дубайда өткөн жолугушуубузду Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын президенти катары эл биримдигин бекемдөө максатында уюштурду.

Жолугушуунун бир гана максаты - өлкөдөгү ынтымакты чыңдоо, Кыргызстанды күчтүү мамлекет катары өнүктүрүү, калктын жашоосун жакшыртуу экендигин айтты. Ажо коомубузду “баланчанчы, түкүнчөнчү” деп бөлбөйлү деп чакырык таштап жатса, анын бул изги тилегин биз, албетте, колдодук.

Жолугуунун катышуучулары баарыбыз тең толук курамда, аягына чейин отуруп, ар бирибиз колдоо сөздөрүбүздү айттык. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткенден бери мамлекетибизде жакшысы менен кошо жаманы, агы менен карасы жанаша жүрдү. Тарыхыбызда болуп өткөн кайгылуу окуялар ар бир кыргызстандыктын жеке тагдырына таасир эткен. Ошондуктан да бул жолугушуу коомчулук тарабынан ар кыл кабыл алынды. Эмоция менен айтылган ойлор менен катар юридикалык өңүттө да баа берилүүдө. Бул биздин жарандык коомдун күчтүүлүгүн, элибиздин ички эркиндигин дагы бир ирет далилдеди. Президент мына ушул улуттук дараметти жаратмандыкка бурууга туура чакырык таштады.

Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууга чейин Алмазбек Атамбаев экөөбүздү жолуктургандыгын айтты. Ооба, экөөбүздү элдештирүү максатында президент бир столго олтургузуп жолуктурган. Экөөбүз тең өз пикирибизди айтып, аягында кол алышып, тараганбыз. Ар бир пенде Кудай алдында жоопкер... Баарыбызды биримдикке чакырып, президент өз милдетин аткарды. Эми биз да жаран катары милдеттерибизди аткаралы. Ырыс алды ынтымак! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Жараткан Кудай элибизди, Кыргызстаныбызды колдосун!" деп жазды Жээнбеков.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековду чогултуп бир столго отургузганын айткан.

Мамлекет башчысынын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2023. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эч кимге ишенбе даже бир жерине да ишенбе оосурам деп чычып коюушун мумкун деген чын экен да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: