super.kg logo

Жо Байден: "Орусия Украинаны эч качан жеңе албайт"

 

АКШ президенти Жо Байден шейшемби күнү Варшавада сөз сүйлөп жатып Орусия Украинаны эч качан жеңе албай турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ак үйдүн башчысы өз сөзүндө орусиялыктарга кайрылып, АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияны жок кылууну же көзөмөлгө алууну каалабай турганын билдирди.

"Батыш Путин айткандай, Орусияга кол салгысы келбейт. Бул согуш эч качан зарыл болгон эмес, бул трагедия. Путин бул согушту тандады. Согуштун ар бир жаңы күнү - анын тандоосу.

Согушка катышкан ар бир жаран жоопко тартылышы керек. Ошол эле кезде Орусия Украинаны эч качан жеңбейт. Эч качан", - деген Байден.

Байден эгер Орусия НАТО өлкөлөрүнүн бирине кол салса, бул бүткүл альянска кол салуу катары караларын эскертти.

"НАТОнун бир өлкөсүнө кол салуу бүткүл НАТОго кол салуу болот. Муну Путин билиши керек. Бул ыйык нерсе", - деген америкалык лидер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2023. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ыйык нерсе Аллах жана анын элчиси Мухаммад с.в.А. Куран китеп сенин ыйыктыгын бир тыйында турбайт жана жооп бересиң олбочудой жүрөт карып калыпсынго чач жок каш жок сары жыландан айырман жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: