super.kg logo

Сузакта аялдарды мыйзамсыз окуткан диний борбор жабылды

 

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Мундуз айылында 30га чукул аялды окуткан "Чолпонай" диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында мыйзамдын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” 8, 10-беренесин бузуу менен негизделгени аныкталган.

Мында сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ал эми мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 142-беренесине ылайык тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: