super.kg logo

Төрага Шакиев Hyundai компаниясына Кыргызстанда унаа завод курууну сунуштады

 

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түштүк Кореядагы расмий иш сапарынын алкагында Hyundai Motor Company өнөр жай ишканасынын Асан шаарындагы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Алсак, Hyundai Motor Company - Түштүк Кореядагы дүйнөгө белгилүү ири автоунаа өндүрүүчү компания болуп эсептелет. Анда автоунаалардан тышкары поезддер, аскердик техникалар жана түрдүү өндүрүштүк жабдуулар чыгарылат.

Өндүрүштүн жүрүшү менен тааныштырган Асан шаарындагы заводунун улук вице-президенти Ли Ки Со Hyundai Motor Company суутекти үнөмдүү энергия булагына айлантуу аркылуу глобалдык коомдун таза энергияга өтүүсүнө көмөктөшүү жаатында алгылыктуу аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Баарлашуу маалында Төрага Нурланбек Шакиев компаниянын Бишкектеги борбору ийгиликтүү иштеп жатканын эске салып: “Корея Республикасында чыгарылган унаалар сапаттуулугу жана баасынын ыңгайлуулугу менен Кыргызстанда чоң суроо-талапка ээ. Андыктан калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, керектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди.

Муну менен катар компаниянын филиалдарынын бирин Кыргызстандын аймагында ачып, завод куруу мүмкүнчүлүгүн да караштырууга чакырды.

Өз кезегинде компаниянын өкүлү Ли Ки Со айтылган сунуштардын баары маанилүү экенин белгилеп, бул жаатта тийиштүү жумуштарды алып барышарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2023. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун Жанылык Узбекыстан Эмес ушул Южный Кореянын Машина заводун курдурушкерек Аябай качествный Унаалар чыгат ошондо мен Озумда Кореяда Машинанын запчастарын чыгарган заводо иштегем Контрол аябай каттуу Ар бир чыгарган болтуна чейин Тыкыр карап чыгышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: