Түркияга жардам: Атайын эсепке 61 миллион сом түштү
Бүгүн, 22-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 61 миллион 50 миң 775 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул туурасында Каржы министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.
Төлөм коду: 14411100 - “Учурдагы жардам”.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.