super.kg logo

Мекенди коргоочулар күнү: Кыргыз мырзалары тууралуу фактылар

 
Кыргызстандагы эркектер өлкөдөгү калктын жалпы санынын 49,6 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
2022-жылдын башында республикадагы эркектердин саны 3,3 миллионго жеткен (2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтарын кошпогондо).
  • Республикадагы эркектердин үчтөн экисин айыл жерлеринде жашаган эркектер түзөт.
  • Ар бир алтынчы эркек Бишкек шаарында жашайт.
  • Эркектер бардык ишмердик чөйрөсүндө эмгектенишет.
  • Эмгекке жарамдуу жаш курактагы эркектердин иш менен камсыз болуусунун деңгээли жетишээрлик жогору жана 76 пайызды түзөт.
  • Иштеген эркектердин орточо жаш курагы 37 жаш.
Өлкөнүн экономикасында эмгектенген ар бир алтынчы эркектин жаш курагы 25-29 жашты түзөт.
"Курулуш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), пайдалуу кендерди казуу сыяктуу ишмердиктин түрлөрү “эркектер” гана эмгектенген иштер болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.
  • 2021-жылы 51 миңге жакын эркек никеге турган.
  • Эркектер 20-29 жашта үй-бүлөө курууга басым жасашат. Мында 45,7 миң эркек биринчи жолу үй-бүлө курган.
  • Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон.
2021-жылы биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо жаш курагы 27,3 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердин жаш курагы 39,3 жашты түзгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: