Кыргызстандык режиссёрдун "Келин таш" тасмасы АКШдагы фестивалда жеңүүчү болду
Американын Лос-Анжелес шаарында өткөн көз карандысыз режиссёр аялдардын X кинофестивалында кыргызстандык режиссёр Гузел Дүйшөнкулованын "Келин таш" тасмасы эки номинация боюнча жеңүүчү деп табылды.
Бул туурасында "Кинематографты өнүктүрүү фонду кабарлады. Маалымдалгандай, тасма “Мыкты көркөм кыска метраждуу тасма” жана “Мыкты аял режиссёр” номинацияларын жеңип алды.
Тасмада ажырашкан жаш келиндин тагдыры, эркиндикти каалаган келиндердин жашоосу чагылдырылган.
Тасма Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемесинин негизинде "Кыргызфильм" киностудиясынын колдоосу менен тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.