Депутаттар мурдагы президенттердин кимисине көбүрөөк ишенет? (Видео)
Өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековду чогултуп бир столго отургузганын айткан. Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өткөнүн билдирген.
Мамлекет башчысынын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга алынып, ар түрдүү кептер, кайчы пикирлер айтылды.
Анын эртеси мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жолугушуу боюнча билдирүү жасаган. Ал жолугушуу болгонун ырастап, бирок жолугушуунун аягында эч ким менен коштошпой, англисче чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай түзүлгөнүн жана келечекте зарылчылык жаралса, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берерин билдирген.
Ага улай эле 20-февралда “Азаттык” медиасы Кыргызстандын алты президентинин Дубайдагы жолугушуусунун чоо-жайы тууралуу качкын президентАскар Акаев менен курган маегин жарыялады. Анда Акаев жолугушуу боюнча кенен маек берип, Дубайдагы жолугушуу бардыгы үчүн күтүүсүз болгонун билдирген. Ошондой эле ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жолугушуу боюнча айткандарын төгүндөгөн.
Мындан улам SUPER.KG порталы Жогорку Кеңештин депутаттарынан мурдагы президенттердин кимисине көбүрөөк ишенерин сурап көрдү. Толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.
