super.kg logo

Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилди

 

Бүгүн, 23-февралда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мекенди коргоочулар күнүнө арналган “Карегимде мекен чеги” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалымдалгандай, иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандын агрессиясынан улам курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, Чек ара кызматынын өздүк курамы, күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев жалпы мекен коргоочуларын майрамы менен куттуктап, өлкө тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн ак дилден кызмат өтөөнү уланта берүүсүн каалады. Ошондой эле Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим кылып, алардын жакындарына ыраазычылыгын билдирди. Төрага баатырлардын эрдиги эч качан унутта калбасын кошумчалады.

Аталган иш-чара 2022-жылы Баткенде тажиктердин куралынан каза тапкан жоокерлерди эскерүү максатында уюштурулган.

Эскерте кетсек, былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 63 Кыргыз жараны каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: