Оштун мэри Кол өнөрчүлөр көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушту (фото)










Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Сулайман-Тоо” МАБынын Кол өнөрчүлөр көчөсүнө барып жергиликтүү тургундар жана аталган көчөнү реконструкциялоо боюнча демилгелүү топ менен жолугушту. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мэр бул көчөнү кол өнөрчүлөр устаканалары бар туристтик жайга айландыруу жана жолун оңдоо боюнча долбоордун сунушу менен таанышты.
Ага улай аталган көчөдөгү байыркы диний объекттерге, анын ичинде Рабат Абдуллахан Жами мечитине барды.
Шаар башчысы тарыхый жайларды сактоонун маанилүүлүгүн айтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кол өнөрчүлөр көчөсүн реконструкциялоо планы бар экенин, бул тарыхый жайлар туристтердин кызыгуусун арттырарын баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.