8-марттан тарта мас айдоочуларга жаза күчөтүлөт
8-марттан тарта мас абалында рулга отурган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Буга чейин Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинде көрсөтүлгөндөй, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 500 сом өлчөмүндө айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келген.
Жаңы мыйзам долбоору ЖКККББ тарабынан демилгеленип, 2022-жылдын 29-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алган. Эми документке өлкө башчы Садыр Жапаров кол коюп, мыйзам 12 күндөн кийин күчүнө кирери маалым болду.
Жаңы эрежеге ылайык, төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:
- мас абалында унаа башкарган айдоочулар күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат;
- унаа башкарууга таптакыр укугу жок жарандардын мас абалында рулга отурганына буга чейин 15 миң сом өлчөмүндө айып салынып келсе, мындан ары үч суткага камалат;
- мас айдоочу өзүнүн спирт ичимдигин ичкендигин текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан учурда, буга чейин 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары айдоочу үч суткага жана айдоого укугу жок айдоочу беш суткага камалат. Ошондой эле спирт ичимдиги ичкендиги аныкталган учурда бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат;
- айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда айдоого укугу жок жаран жети суткага камалат, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Буга чейин 20 миң сом айып салынган же беш суткага чейин камалган;
- эгерде айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан мас абалында рулга отурса жана жол кырсыгына кабылган учурда автоунаасын убактылуу алып коюу менен үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.
