super.kg logo

Кыргызстанда биринчи жолу Ислам бизнес инвестициялык форуму өтөт

 

Ушул жылдын 13-14-март күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу “IBIF-2023” Ислам бизнес инвестициялык форуму ("Islamic Business and Investment Corporation – IBIC") өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-февраль күнү маалымат жыйыны учурунда IBIC корпорациясынын вице-президенти Мурад Секакмия билдирди.

Маалымдалгандай, аталган форум маанилүү жана пайдалуу иштин башталышы болуп, Борбор Азия жана жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтчаны түзөт. Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык фонддордун жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү, Кыргызстан жана жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн ишкерлери катышат.

"Форум катышуучу өлкөлөргө бири-бирин жакындан таанып-билүүгө, ошондой эле социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоого, Борбор Азия өлкөлөрүндө исламдык инвестицияларды, ишкердүүлүктү жана инновацияларды илгерилетүү боюнча тажрыйба жана билим алмашууга жардам берерине ишенебиз", - деп баса белгиледи Мурад Секакмия.

Ал кошумчалагандай, форумдун катышуучулары бизнести өнүктүрүү, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө ислам каржы системасын илгерилетүү маселелерин талкуулашат.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, борбордук Азия өлкөлөрүндө 70 миллионго жакын адам жашаса, алардын 55 миллиондон ашыгы мусулмандар. Борбордук Азия чөлкөмүнүн, анын ичинде Кыргыз жарандары ислам системасын жана анын адилеттүү принциптерин каржы, кредиттик, экономикалык жана бизнес чөйрөсүндө изилдөө жана колдонуу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү жок.

Андыктан форумдун жүрүшүндө сунуштар иштелип чыгып, эл аралык экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүнүн стратегиялык перспективалары иштелип чыгат. Ошондой эле инвестиция жана ислам финансы системасынын институттарынын жана Борбордук Азиянын экономикасынын иштеши жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган мыйзамдык сунуштар жана демилгелер сунушталат.

Ошол эле учурда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү инвестициялык долбоорлорду каржылоонун жана ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүп, тажрыйба алмаша алышат.

Форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына түз исламдык инвестицияларды тартуу үчүн аянтча болуп калат. Аталган иш-чара жыл сайын уюштурулуп турат.

Маалымат үчүн: Биринчи IBIF-2023 форумунун уюштуруучулары: Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясы ("IBIK"), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы, JTA International Holding (Катар), Орус-араб изилдөө жана маалымат фонду (Сауд Аравия Королдугу)








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: