Бишкектин мэри "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин иш пландары менен таанышты



Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин иш пландары менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинде борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун мекеменин жетекчилиги жана жамааты менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев мекемедеги акыркы жылдардагы өзгөрүүлөр менен тааныштырды. Тактап айтканда, ал күнүмдүк кайрылуулардын саны, тапшырыкчыдан документтерди даярдоо процесси жана оң чечим чыккан учурда архитектуралык-шаар куруу корутундусун бергенге чейин айтып берди. Ошондой эле мекемени санариптештирүү процесси жана «Бирдиктүү терезе» бөлүмүн оптималдаштыруу тууралуу маалымат берди.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров мекеменин кызматкерлерин эффективдүү жана сапаттуу иштөөгө чакырды. Шаар мэри борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуу жашоосу үчүн мэриянын кызматтары тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолду.
Мындан тышкары, Бишкектин башкы архитектору архитектуралык-курулуш тармагындагы бардык уруксат кагаздарын алуу үчүн «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн базасында бирдиктүү хаб деп аталган борбор түзүүнү пландоодо.
