"Унаа" мекемесинин бөлүмдөрү дем алыш күндөрү иштейт (Убактысы)
Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрү жана секторлору дем алыш күндөрү кадимки режимде иштешет. Маалыматты мекемеден кабарлашты.
Белгилүү болгондой, буга транспорт каражаттарын каттоого же кайра каттоого алууну каалаган жарандардын агымынын көптүгү себеп болгон.
Эртең, 25-февралда (ишемби күнү) мекеменин бардык каттоо бөлүмдөрү жана секторлору кадимки режимде иштейт. Жумуш убактысы 8:30 - 17:30. (Түшкү тыныгуу 12.00дөн 13.00гө) чейин.
Ал эми 25-26-февралда төмөнкү бөлүмдөр саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт:
- Батыш бөлүмү - Бишкек ш., Б.Алыкулова көч. 3/10 («2 Прораба» соода борбору);
- Аймактар аралык бөлүмү - Военно-Антоновка, «Риом-авто» автобазары;
- Бишкек шаардык бөлүмү - Ч.Валиханов көч., 2 («Аю Гранд» соода борбору).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.