super.kg logo

Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды (Сүрөт)

 

Бишкек шаарында кургак учукту дарылоочу жаңы оорукананын ачылышы өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Германия Федеративдик Республикасынын Бундестагынын делегациясы, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) аймактык директору Андреас Шнайдер катышты.

«Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин жана жалпы элибиздин атынан Германия Федеративдик Республикасына биздин саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн биз “Кургак учук менен күрөшүү программасы – V” гранттык долбоорунун алкагында курулган жаңы жабдуулар менен камсыздалган заманбап клиниканы ачып жатабыз. 1992-жылдан бери Германия өнүктүрүү банкы (KfW) биздин өлкөгө түрдүү тармактар боюнча 298 миллион евродон ашык каражат бөлгөн. Германиянын биздин калыптануубузга жана туруктуу өнүгүүбүзгө, ошондой эле глобалдык пандемия учурунда колдоо көрсөтүүсүн жогору баалайбыз», - деди Эдил Байсалов.

Ачылыш аземинде Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил саламаттыкты сактоо тармагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири катары саналарын белгиледи. Ал жаңы оорукананын кызматкерлерине кургак учук жана башка жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүдө ийгиликтерди каалады.

Маалымат үчүн: Кургак учукка каршы оорукананын жалпы бюджети 6,5 миллион еврону түзөт. Шаардык кургак учукка каршы ооруканада 128 керебет каралган. Кургак учуктун дарыга туруктуу, сезгич, ачык жана жабык түрлөрүн дарылоочу палаталар бар. Радиологиялык бөлүм жана интенсивдик терапия бөлүмү бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган. Лабораторияда гематологиялык, биохимиялык, заара, ИФА анализаторлору бар. Ооруканада заманбап желдетүү системасы иштелип чыккан, ХЕПА-фильтрлери орнотулган (алар микробдорду тышка чыгарбайт), ультра кызгылт көк бактерициддик лампалардан өткөн аба дезинфекцияланып турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: