super.kg logo

Министрлер кабинети 2030-жылга чейин жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитти

 

Өлкөдө 2023–2030-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Өкмөттөн билдиришкендей, аталган чечим Кыргызстандын унаа жолдору тармагын өнүктүрүү жана жол тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Алсак, 2023–2030-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу:

  • улуттук транспорт тармагын эл аралык транспорт тармагына интеграциялоого жана анын натыйжасында улуттук товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык рынокторуна чыгууга;
  • заказчынын, подрядчынын жана техникалык көзөмөл боюнча инженердин функцияларын чектөө жолу менен бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы ачык-айкындуулукка жана натыйжалуулукка;
  • республиканын транспорт тармагынын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга;
  • жол тармагынын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы жолдордун жана көчөлөрдүн жалпы узундугу 34 миң чакырымга жакын болсо, анын ичинен жалпы пайдалануудагы жолдордун узундугу 19 миң чакырымды түзөт.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору аркылуу өлкөдөгү жүргүнчүлөрдү ташуунун 98 пайызга жакыны жана жүк ташуунун 96 пайыздан ашыгы камсыздалат. Ошондой эле жыл сайын 40 миллион тоннага чейин ар кандай жүктөр жана 640 миллионго чейин жүргүнчүлөр ташылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: