super.kg logo

Жапаров билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды

 

Бүгүн, 25-февралда президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда мамлекет башчысы тарабынан илим жана билим чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттер коюлуп, бул маселе боюнча артыкчылыктуу пландар жана милдеттер талкууланды.

Садыр Жапаров 2022-жылдын башында Билим берүү министрлигинин бюджети 29 миллиард сомдон 49 миллиард сомго чейин көтөрүлгөнүн дагы бир жолу эске салды. Ошондой эле каражат бөлүү менен эле көйгөй чечилбей тургандыгын, ал үчүн комплекстүү иш-аракеттерди жасоо зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан башка мамлекет башчысы маалыматтык технологиялардын доорунда заманбап тенденцияларды ээрчүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, билим берүү системасы реформага муктаж экенин кошумчалады.

Ал эми министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев өлкө башчыга билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн жакынкы пландары жана келечеги тууралуу маалымат берди. Ал билим берүү процесстеринин сапатын жогорулатууга багытталган Концепцияны жакынкы күндөрү сунуштай турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: