Баткенде белгисиз заттын жарылуусунан чек ара кызматынын жоокери жабыркады
Баткенде белгисиз заттын жарылуусунан чек ара кызматынын жоокери жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирмеге ылайык, кырсык кечээ, 25-февралда болгон.
Анда №2021 аскер бөлүгүндө автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү пунктунда белгисиз зат (такталууда) жарылып, 20 жаштагы жоокер бутунан жаракат алган. Ал Раззаков шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген.
Жоокердин абалы орточо оор деп бааланууда. Учурда ал дарыгерлердин такай көзөмөлүндө.
Аталган факты боюнча тийиштүү органдарга маалымат берилип, иликтөө иштери башталганы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.