super.kg logo

Каныбек Иманалиев билим берүү тармагында жасала турчу иштер тууралуу айтты

 

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралды.

Жыйында Иманалиев алдынкы убакытта жасала турчу иш пландарын айтып, сунуштарын ортого салды.

"Кыргызстанда 600 миң бала бакчага барбайт. Дүйнөлүк институттар эсептеп чыккан. Биз университеттеги студентке 5 миң сом бергенден көрө бала бакчага 500 сом берген пайдалуу. Анткени балдарда эрте кабыл алуу сезими ойгонот. Жакшы окуган бала университетти өзү тандап алат.

Экинчиден Кыргызстандын билим берүү системасынын 60 пайызы дүйнөлүк стандартка туура келбейт. Үчүнчүдөн кесиптик окуу жайларга 2 миллиард сом сарпталат. Анда окугандардын 10-15 пайызы гана барат. Бизде 73 ЖОЖ бар. Бирок 2023-жылы дүйнөдө эң керектүү 10 кесип (нейропсихолог, кибер коопсуздук адистери ж.б) болсо, бизде бир дагы окуу жай аталган кесип ээлерин даярдабайт. Бул биздеги билим берүүнүн деңгээли.

Реформа боюнча концепция 3 компоненттен болот. Советтик педагогиканын жакшы жактарын алабыз. Экинчи британ методу, үчүнчү улуттук компонент", - деди ал.

Ошондой эле ал мектептерде компьютерлердин жетишсиздиги боюнча көйгөйдү чечүү жолун сунуштады.

"Кыргызстанда 10 миңдеген компьютер 5 жылда бир эле күн пайдаланылат. Бул БШКга тиешелүү. 70 ресурстук борбор бар. Аларга канчалаган каражат сарпталган. Азыр чаң басып жатат. Өкмөт токтом чыгарып берсе ал компьютерлерди ошол жердеги мектептер пайдалансын. Аймактарда 3 миң китепкана бар. Эл барбайт. Аны дагы мектепке өткөрүп берсе, ал жерде балдарды биринчи класска даярдай турган курс ачылат", - деп сунуштады ал.

Мындан тышкары Иманалиев мугалимдердин аброюн Баткендеги чек араны коргогондой коргоо зарылдыгын белгиледи.

"Консепцияны майга чейин кабыл алып берсеңиздер. 1-сентябрга чейин жаңы окуу стандарттарын бекитебиз. 1-январга чейин жок дегенде билим берүүнүн баштапкы реформаларын аткарышыбыз керек. Башка убакыт жок", - дейт ал.

Жыйынтыгында тармактык комитет билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды.

Эске салсак, Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп 24-февралда дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: