super.kg logo

Каныбек Иманалиев Садыр Жапаровдун ишин кандай баалайт? Өзү жооп берди

 

Билим берүү жана илим министрлеринин тез-тез алмашып турушу өлкөдөгү билим берүү системасынын абалын начарлатууда. Бул тууралуу депутат Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Депутат Каныбек Иманалиевден өлкө башчы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатына кандай баа берерин сурады.

"Менин оюм саясий болуп калышы мүмкүн. Мени кабыл алгандан кийин билим берүү министрлигинде бир гана саясат болот, бул билим берүү саясатын алып баруу, мектептерди көтөрүү. Мамлекеттик кызматта мамлекеттик этика бар. Менин негизги саясатым Конституция жана билим берүү жөнүндө мыйзам, ошону так аткарам", - деп жооп берди Иманалиев.

Эске салсак, Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп 24-февралда дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: