super.kg logo

Мамлекеттик тилге тиешелүү конституциялык мыйзамдын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өттү

 

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоорлорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Алгач Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев баяндама жасап, 14 глава, 40 беренеден турган конституциялык макамга ээ мыйзам долбоорун тааныштырды.

Окумуштуу, тилчи Сыртбай Мусаев сунушталган мыйзамды жазууга катышканын белгилеп, анда бардык маанилүү документтердин түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, андан кийин башка тилге которулары так белгиленгенин маалымдады.

Парламенттик угууда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир катар сунуштар айтылды. Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева айтылган бардык сунуш маанилүү экенин жүйө келтирип, мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо маалында эске алынарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: