super.kg logo

Башкы прокуратура, Жогорку Сот, Юстиция министрлиги жана Адвокатуранын ортосундагы Меморандумга коюлду

 

Башкы прокуратура, Жогорку Сот, Юстиция министрлиги жана Адвокатуранын ортосундагы Меморандумга коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Сот процессинин катышуучулары тарабынан этикалык нормаларды, жүрүм-турум маданиятын жана өз ара кесиптик жоопкерчиликти колдонуунун жана сактоонун принциптерин киргизүү” долбоорунун алкагында тегерек стол өткөрүлдү. Ага башкы прокурор Курманкул Зулушев да катышты.

Жыйында баш прокурор Зулушев сот адилеттүүлүгүн орнотуу жолунда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге токтолуп, мыйзамдуулуктун принцибин так сактоо, адам укуктарын коргоо - өлкөдөгү сот системасын реформалоонун негизги максаттарынын бири болуп саналарын жана жөнөкөй жарандардын сот системасына болгон ишенимин кайтаруу, соттордун кадыр-баркын жогорулатуу мамлекет үчүн негизги милдет экендигин белгилеп өттү.

Мындан сырткары, сот процессинин жүрүшүндө катышуучуларынын өз ара кесиптик жоопкерчилигин күчөтүү боюнча жалпы жарандык укукту калыптандыруу максатында Башкы прокуратуранын, Жогорку Соттун, Юстиция министрлигинин жана Адвокатуранын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумга коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: